Бүгүн, 10-февралда муфтий Максат ажы Токтомушев расмий түрдө кызматтан кеткенин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтомушев өз каалоосу менен арыз жазган.

Буга чейин, КМДБда жолугушуу болуп, анда ал жамаат менен коштошкон.

Белгилүү болгондой, эртең менен УКМК ажылык сапарга баруучулардан алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталгандыгы тууралуу маалымат берди. КМДБнын башкы эсепчиси камакка алынган.