Кемин районунун айылдарынын биринде күйөөсүнүн башына балка менен чаап өлтүрүп койгон аял өзү милицияга келди. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 9-февралдан 10-февралга караган түнү орун алган. Жубайлардын ортосунда келишпестик пайда болуп чатакка айланган. Натыйжада 45 жаштагы Д.Р аттуу аял 53 жаштагы С.К аттуу күйөөсүнүн башына балка менен бир нече жолу чаап өлтүрүп койгон.

Д.Р. өз күнөөсүн мойнуна алып, милицияга арыз жазган.

Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп бирдиктүү реестрге катталды.Тергөө уланып жатканын аталган мекемеден кошумчалады.