Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп жаткан чуу боюнча өз пикирин Facebook баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, кечээ эртең менен муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетери тууралуу арызын жазып, кечинде УКМК аны коррупцияга шектүү катары кармаган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшаган.

«Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп жаткан нерсе коомдун руханий жактан деградация болуп баратканынан кабар берет. Көпчүлүк сыяктуу эле ЖМКлар аркылуу билген жаңылык мен үчүн дагы күтүүсүз болду», — деп жазат К. Маликов.

Ал өткөн жылдын сентябрь айында муфтийдин орун басары болуп дайындалган. Бирок «ар кандай оюндар менен интригадан алыс болгонун» кошумчалады.

Маликовдун айтымында, пендемиянын айынан ажылык сапарлардын токтотулушу муфтиятты бир топ финансылык кыйынчылыкка кептеген. Мындан улам УКМКнын билдирүүсү аны таң калтырды.

-«Күнөө кылганы далилденмейинче кандайдыр бир баа берүүгө эрте деп эсептейм. Бирок ЖМКларга муфтиятта финансылык мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу маалыматтын чыгышы эсимди оодарды. Чынын айтканда, бул мамлекеттик органдардагы катардагы коорупциялык иш эмес, ал тургай муфтийдин ордун талашуудагы оюндар дагы эмес. Бул салттык динаятка, мечитке болгон ишенимге жана жалпы муфтиятка өтө катуу сокку», — деди Маликов.