Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө арыздарды кабыл ала баштады.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниетин билдирген телерадио берүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жана бул маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.

БШК “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2021-жылдын 8-февралында жарыяланганын эске салат. Ушуга байланыштуу аккредитациядан өтүүгө документтерди тапшыруу үчүн акыркы күн – 2021-жылдын 18-февралы.

Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниети бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө б.а  2021-жылдын 18-февралына чейин (кошо алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш:

— шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын жана интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл;

— жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— жалпыга маалымдоо каражатынын уставынын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);

— эфир убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсүн.

Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма электрондук варианттагы арызда камтылган жогоруда аталган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасына жөнөтөт.

Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

КР БШК региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.

КР БШК маалымат бөлүмү