Жоробай ажы Шергазиев муфтийдин милдетин аткаруучу болду.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча муфтий отставкага кеткен учурда жаңы муфтий шайланып келгенге чейин ал милдетти орун басары аткарат.

Муфтияттын маалыматы боюнча, дагы бир орун басары Кадыр Маликов үй-бүлөлүк абалына байланыштуу ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон.

Аалымдар кеңеши 11-февралда жыйынга чогулуп, мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин отставкасын кабыл алып, жаңы муфтийди шайлоо күнүн бекиткен болчу.

Булак: Марал радиосу