Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 17-февралда саат 10:00дө Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу “Тунгуч” жаштар театрынан билдиришти.

Маалым болгондой, кайталангыс талант, кино дүйнөсүнүн чебери Жамал Сейдакматова бүгүн, 16-февралда таңга жуук катуу оорудан улам 82 жаш курагында көз жумду.

Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРдин эл артисти, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн театр менен киного арнаган Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21- сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.