Австралиянын Тасмания штатынын тургуну анын эшигинин алдындагы аймакты миллиондогон майда кара коңуздар ээлеп алгандыгын байкады. Курт-кумурскалардын пайда болушуна аймакта нымдуулуктун жогору болушу себеп болгон.

Кайл Мантон аттуу адам Гамильтондогу үйүнөн чыгып таң калыштуу окуяга күбө болгон. Башында ал кире бериштин алдында шагыл бар деп ойлогон. Бирок, жакшылап карап жатып, ал жерди коңуздар каптап кеткенин көрөт. Мантон окуяны видеого тартып, интернет колдонуучулары менен бөлүшөт. Алардын айрымдары кырдаалды үрөй учурган кинодогу окуялар менен салыштырышса, башкалары муну акыр заман деп аташат.

 

Көп өтпөй жергиликтүү музейдин экологу бул – Хрущ коңуздары экенин аныктады. Алар жогорку нымдуулук шарттарында, айрыкча жамгырдан кийин активдүү көбөйүшөт. Эксперттин айтымында, мындай курт-кумурскалар өсүмдүктөр менен азыктанып, жайыттарга зыян келтирет.