Социалдык тармакта жаш баланын көзүнчө жыныстык катнашка баргандар кызуу талкууга алынды. Бул тасма телеграмм каналы аркылуу тараган.   Тасмада 1,5-2 жаштагы, жаш баланын көзүнчө жыныстык катнашка барган улгайган адам менен жашыраак келиндин мамилесин үчүнчү адам видеого түшүргөн. Алар кыргыз тилинде сүйлөшүп кандайдыр бир теманы талкуулап жатышат. Интернет колдонуучулар бул  көрүнүшкө тезинен чара көрүлүп, жоопко тартылышы керек деген пикирлерин калтырышууда.

Азырынча тасма кайда,ким тарабынан жана качан тартылганы белгисиз.

Айрым социалдык тармактын колдонуучулары мамлекет ушундай тасмаларды таратып, элдин психологиясына терс таасир бергендерди  тартипке чакырып, мындай каналдарга бөгөт коюулуусун талап кылып келишет .