Коом

УКМК: Райымбек Матраимов кармалды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды, — деп билдирет УКМК.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Р.Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Райымбек Матраимов УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт.

УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдамакчы.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button