Унутчаактык адамдагы оорулар туурасында кабар бериши мүмкүн. Бул туурасында Евдокимов атындагы Москва мамлекеттик медициналык-стоматологиялык университетинин Терапевтикалык клиникасынын директору жана терапия кафедрасынын башчысы, профессор Аркадий Верткин айтып бергенин РИА Новости жазды.

«Бул жерде унутчаактык кайсы курактагы адамда пайда болгонун — баладабы, жашы төмөнүрөөк адамдабы же улгайгандардабы, көңүл буруш керек. Эгерде картайгандарын эс тутуму начарлай баштаган болсо, ал коронавирус менен ооруган-оорубаганына карабай дарыгерге кайрылышы керек. Себеби бул өтө маанилүү симптом», — деген Верткин.

Дарыгер улгайган адамдарды унутчаактыкка алып келиши мүмкүн деген төмөнкү илдеттерди атады:

  • мээдеги кан айлануунун бузулушу;
  • артериялык кан басымдын көтөрүлүп кетишинен улам кан тамырлардын начар иштеши;
  • баш сөөк жана мээнин травмалары;
  • мээнин азыктанып турушун бузуучу жүрөк-кан тамыр ооруларынын көйгөйү;
  • курч өнөкөт оорулар, диабеттен тарта Альцгеймер оорусуна чейинки илдеттер.

Верткин аны менен катар эле адамдын дене табынын кескин ысып кеткени, себепсиз чарчоону унутчаактык сыяктуу эле коронавирус менен ооругандыкка байланыштырган.