18-февраль күну кечинде АКШнын НАСА космосту изилдөө агенттиги Марс планетасына жаңы марсоход кондурду.

Кызыл планетага, диспетчер парашют конуу учурунда пландаштырылгандай ачылгандыгын белгиледи. Бир нече мүнөт мурда, Марстын атмосферасына кирээрде  НАСАнын адистери негизги кыймылдаткыч роверден график боюнча бөлүнүп кеткендигин тастыктаган.

Perseverance роверинде 23 видеокамера жана Марста HD видео жана үн өткөрүү үчүн эки микрофон бар.

Марс — Күн системасынын төртүнчү планетасы. Күн системасындагы Жер шарынан кийинки эле Күнгө жакын планета 230 млн км узакта жайгашкан Марс болуп саналат. Жер шары Күндүн огунда 365 күн айланса, Марс 687 күндө айланат.

Марсты изилдөөнүн негизги милдети — Кызыл Планетада бактериялардын жашоосунун издерин издөө.

Спутниктин маалыматы боюнча, марстагы ровер конгон, Езеро кратерине, илгери чоң көлгө куюлган дарыянын дельтасы болгон. Бул кратердин тектеринде, илимпоздордун айтымында, жашоонун издери болушу мүмкүн дешет.