Кара- Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин балансында турган бул мекемеге этти кайра иштетүүчү ири ишкана катары ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлады.

Мындан сырткары, долбоордо бул аймакта консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган. Долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Мындан бөлөк да универсалдуу трикотаж өндүрүү фабрикасы, электромобилдик сервис борбору катары колдонуу боюнча сунуштарын берди.

Бул ишкана айыл өкмөтүнүн балансында гана болот, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500 дой жаранга жумуш орду түзүлүү болжолдонгон. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган.

«Биз 70- жылдардагы Кыргызстандын эти деген брендди кайтарабыз. Кезинде РФ да биздин мамлекетте өндүрүлгөн эт консервалары өтө чоң суроо- талап менен алынып турган. Кара-Суу районунун аймагында 3 заманбап Мао союучу ишканалар курулуп жатат. Ошолордун сырьесу бул жерде даяр продукция  катары экспортко чыгарылат» — , деди Жарасул Абдураимов тийиштүү тармак жетекчилеринин катышуусунда жеринде өткөн жыйында.

Азыр имараттын экологиялык бүтүмдөру даярдалууда.