Бүгүн ИИМдин Экстремизмге  жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын ардагерлери жана кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешүүдө.
Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри  Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Экстремизмге  жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын начальниги Жеңиш Жоробеков, ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, аталган кызматтын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.


Министр Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Экстремизмге  жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери менен ардагерлерин куттуктап, “Кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга,  киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү – сиздердин алдыңыздарда аткара турган тапшырмалардын бир бөлүгү гана деп эсептейм. Бул кызмат ИИМдин тутумунда 1991-жылы 20-фераль күнү түзүлгөн.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана анын аймактык бөлүктөрү улуттук, расалык, диний жек көрүүнү же кастыкты козутуу мүнөзүндөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган жүздөгөн кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт койдуңуздар. Өткөн жылы ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы аймактык бөлүктөр менен бирге эсктремисттик жана террористтик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча комплекстүү иш-чараларды  ишке ашырып, өлкөнүн жана ички иштер министрлигинин жетекчилигинин тапшырмаларын, ведомстволор аралык жана эл аралык түзүмдөрүн чечимдерин  өз убагында натыйжалуу аткаруусу жогорку деңгээлде камсыздалды. Ички иштер министрлиги башка укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып, өлкөдөгү  экстремисттик көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу тутумду калыптандырууга жетишти.
Бул багыттарда дагы иштерди алгылыктуу жүргүзүү керек. Өзүңүздөрдүн кызматтык милдеттериңиздерди абийирдүү аткаруу, принципиалдуулук жана эрктүүлүк сиздерди мындан дагы жогорку ийгиликтерге жетүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем. Куттуктоо жана ыраазычылык сөздөрүмдү арадагерлердин дарегине дагы айткым келет. Биз тартип сакчыларынын улуу мууну басып өткөн жолун жана алардан өткөн салтты жогору баалайбыз. Баарыңыздарды абийирдүү өтөгөн кызматыңар  жана тандаган ишиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, бейпилдик, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”, – деди Улан Ниязбеков.
Өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн жана кызматында айырмаланган ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен түзүмдүк медалдар, төш белгилер менен сыйланышты.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы аймактык ички иштер органдары менен биргеликте диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү ыкчам алдын алуу жана иликтөө иш-чараларын жүргүздү.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигине тыюу салынган диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таратуунун 467 фактысы аныкталды. Аталган фактылар боюнча ички иштер органдарына 360 адам жеткирилип, алардан экстремисттик мүнөздөгү 1924 материал алынды.
Диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын катарына тартылуунун алдын алуу, ага бөгөт коюу жана жол бербөө максатында калк, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин, мектеп окуучуларынын арасында 4000ге жакын алдын алуу түшүндүрүү иш-чаралары лекция, семинар, тегерек стол, конференция түрүндө болуп өттү.
Алсак, 2020-жылдын январь-февраль айларында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, Нарын жана Талас ички иштер башкармалыктарынын демилгеси менен «Жаштар экстремизмге каршы» аттуу форум жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү тургундардын, жалпысынан 1000дей адамдын катышуусунда өткөрүлдү.
Социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү 83 сайт жана 33 аккаунт аныкталып, алардын ичинен 38 сайттын жана 10 аккаунттун ишмердигине соттун чечиминин негизинде бөгөт коюлду. Социалдык медиадан экстремисттик, террористтик жана улут аралык кастыкты козутууну пропагандалаган 885 фото жана видео материалдар өчүрүлдү. З учурунда “Фейсбук”, “Телеграмм”, “Одноклассники” социалдык тармактарына алдын алуу максатында 43 видеоматериал жүктөлүп, алар менен 750 000ден ашуун адам таанышып чыкты.
Мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 210 фактысы аныкталып, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан эмгектик ишин жүзөгө ашыруу  эрежелерин жана чет өлкөлүк жарандарды каттоонун тартибин бузуулар боюнча 9 чет өлкөлүк жаран, Кыргыз Республикасынын 1192 жараны, 130 юридикалык жак жоопкерчиликке тартылды жана аларга жалпы суммасы 1 872 000 сом айып салынды.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери биздин жарандардын укугун жана эркиндигин  тайманбастан коргоп, өлкөнүн бүтүндүгүнүн жана өнүгүүсүнүн кепилдиги болгон тынчтык менен бейпилдикти камсыздап, абийири менен кызмат өтөөгө даяр.

ИИМдин Басма сөз кызматы