Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов  билдирди.

Айтымында, азыркы тапта буга байланыштуу коомдук канал менен сүйлөшүү иштери жүрүүдө.

“11-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоо азыркы эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу, талапкерлердин шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүдө, массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялоону партияларга жана талапкерлерге сунуш кылып жатабыз. Албетте бул кырдаалга жараша.

Негизи мурун жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо алдында мындай үгүт формасы өткөрүлгөн эмес. Андан тышкары борбор шаарында, Ош жана башка облустардагы саясий партиялардын деңгээлин, алардын программасын, партиянын курамындагы талапкерлердин элге кенен жеткирүү максатында дебаттарды уюштурунуу пландап жатабыз.

Азыр телерадио компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул үгүт өнөктүгү талапкерлер жөнүндө максималдуу маалыматты камсыздайт”, — деди Бекматов.