Дарыгерлер сейрек кездешүүчү оорудан улам чач жеп жүргөн кыздын ашказанынан ири көлөмдөгү чачты алып чыгышты. Бул тууралуу New York Post гезити жазып чыкты.

BMJ Case Reports медициналык журналында Рапунцел синдрому менен ооруган 17 жаштагы  бейтаптын, өзүнүн чачын өзү жегени тууралуу жазылат. Ашказанда чач топтолуп, диаметри 48 сантиметр болгон шишик пайда болгон.

Качан гана кыз эс-учун жоготуп ооруканага түшкөндө, дарыгерлер анын курсагынын өйдо жагында шишик пайда болгонун байкашат. Компьютердик томография ашказан шишип, жарылып кеткенин көрсөтөт.

Дарыгерлер бейтаптан трихофагияны же Рапунцел синдромун табышкан. Бул сейрек кездешүүчү абал адам чачын жеп, андан ичеги-карын жолунун органдарында чачтын тоголоктолуп топтолушу мүмкүн. Өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө, өзгөчө оор учурларда, оору өлүмгө алып келет.