Нью-Йоркто SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы варианты жайылууда, анын мутациясы вакциналардын эффективдүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн, дешүүдө Калифорниянын Технологиялык институтунун жана Колумбия университетинин окумуштуулары.

Дарыгерлер вирустун жаңы табылган вариантын B.1.526. деп аташты. Ал биринчи жолу шаардан ноябрь айында алынган үлгүлөрдөн табылып, февраль айынын ортосуна чейин кеңири жайылып кеткендиги айтылды.

«Биз Уэстчестерде, Бронксто, Куинсте жана төмөнкү Манхэттенде, ошондой эле Бруклинде табылган учурларды көрүп жатабыз. Ошондуктан, ал кеңири тараган сыяктуу. Бул өзүнчө эпидемия эмес ”, — деди Колумбия университетинин Аарон Даймонд СПИДди изилдөө борборунун директору доктор Дэвид Хо РИА Новостиге.

Нью-Йоркто жайылып бараткан коронавирустун курамында буга чейин башка өлкөлөрдө, анын ичинде Түштүк Африкада аныкталган мутациялар бар экени кабарланууда.