Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония март айындагы репертуарын жарыялады.
Майрамдарга бай жаздын алгачкы айында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн бир нече концерттик программалар уюштурула турганы маалым болду.
— 1-март — Аялдар конгрессинин 8-мартка карата майрамдык концерти. Башталышы саат 18:00;
— 2-март — Александр Островскийдин «Шальные деньги» комедиялык пьесасын Россиянын артисттери аткарат. Башталышы 18:30;
— 3-март — «Билим берүүнүн инновациялык борбору» компаниясынын «Франшиз» форуму. Башталышы 10:00.
— 3-март — Кыргыз улуттук филармониянын камералык оркестринин майрамдык концерти. Башталышы 17:00;
— 5-6-март — Филармониянын чыгармачыл жамааты жана солисттеринин 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата «Жаздын көркү сени менен башталат, жашоо жарык сен бар үчүн аялзат!» аттуу концерти. Башталышы 18:30;
— 7-8-март — КРдин эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жетектеген «Эл ырчысы Эстебес» фольклордук тобунун «Ааламдан кең, апа сенин бешигиң» аттуу концерти. Башталышы 18:00;
— 9-март — Нурхат Догдурбек уулунун концерти. Башталышы 18:30;
— 11-март — «Досум-Үсөн» эстрадалык ансамблинин концерти. Башталышы 18:30;
— 13-март — «Улыбка» элдик үлгүлүү балдар хореографиялык ансамблинин концерти. Башталышы 18:00;
— 14-март — «Жылдын мыкты чоң энеси» сынагы. Башталышы 18:00;
— 15-март — балдардын сулуулук сынагы. Башталышы 18:00;
— 16-17-март — КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин концерти. Башталышы 18:30;
— 18-март — «Сармерден» теледолбоору. Башталышы 18:00;
— 19-март — Нооруз майрамына арналган майрамдык концерт. Башталышы 17:00;
— 20-март — Нооруз майрамына арналган майрамдык концерт. Башталышы 18:00;
— 21-март — куудул Борончу Кудайбергеновдун концерти. Башталышы 18:00;
— 26-март — «Манас» камералык оркестринин концерти. Башталышы 18:30;
— 27-март — «Феникс Мира» ишканасынын кызматкерлери үчүн концерт. Башталышы 13:00;
— 28-март — айтыш, башталышы 18:00;
— 30-31-март — эстрада ырчысы Мирлан Баековдун концерти. Башталышы 18:30;