Түркмөнстанда 8-мартка карата   президент Гурбангулы Бердымухамедовдун буйругу менен аялдарга  2 доллардан берилет.

Бердымухамедов өз атынан 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Түркмөнстан аялдарына 60 манат (мамлекеттик курс боюнча 17,1 доллар же кара базар баасы боюнча 1,9 доллар) берүүгө буйрук берди. Бул тууралуу TDH мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Акчалай белектерди менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштеген, пенсия, жөлөкпул жана стипендия алган аялдар, ошондой эле мектеп окуучулары жана бала бакчанын тарбиялануучулары алышат. Ал эми, Үй кожойкелер жана жеке ишкерлер 2 доллардан алышпайт.

Эске салсак, өткөн жылы Түркмөнстандын аялдарына 60 манат берилген, ал кезде бул сумма 3 долларга барабар болгон.