Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Өлкө башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулашты.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, эки өлкө өкмөттөрүнө Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн кыргыз-казак чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырылды.
Билдирүүдө Садыр Жапаров Казакстан президентин өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырганы да белгиленген. Касым-Жомарт Токаев чакырууну кабыл алды, сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.
Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга бүгүн,2-мартта барды. Өлкө башчынын Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу белгиленген.