Кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган Камчыбек Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулду.Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары күч тузөмдөрүнүн билдирүүсүнө таянуу менен жазышты.

17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан.

Көлбаев Улуттук коопсуздук комитети тарабынан былтыр 22-октябрда кармалган. Соттун чечими менен ал 47 түзөтүү абагында кармалып турган.