Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка  ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Абжалиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактысын аныктаган.

Абжалиев экс-президент менен тууганчылыгын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишип, жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббирлөө менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкер Абжалиевдин 20дан ашык элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларынан турак үйлөрү, Ысык-Көл облусундагы пансионаты, Ысык-Көл жана Чүйдөгү жер тилкелери, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталган.