20-мартка чейин республиканын 130 шаары менен айыл аймагына калкты биометрикалык каттоого алуу максатында 11 мобилдүү автобустар жөнөтүлөт.
Биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоо менен референдумдарда добуш берүүнүн аныктыгы камсыздалат. Бул автобустар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан БУУнун Өнүктүрүү прграммасынын колдоосу менен уюштурулган.
Бүгүн, 4-мартта Кант шаарында мобилдик автобустардын ишинин бет ачары өтөт.
Булак: Биринчи радио