Япониялык миллиардер Юсаку Маезава, SpaceXтин биринчи космостогу туристи болот. Ал 2023-жылы Айга биргеликте учуу үчүн сегиз кишиден турган команда тартылаарын жарыялады. Бул тууралуу @ria_novosti маалымдайт.

Youtub каналы аркылуу Маезава 2023-жылы Starship SpaceX учагында Айды айланып учуу үчүн бош сегиз орунга арыз кабыл ала баштагандыгын билдирди. Учууга байланыштуу бардык чыгымдарды өзү көтөрөт.

Белгиленгендей, арыздарды кабыл алуу 14-мартта саат 23: 59да аяктайт. Жалпысынан Маезаванын өзү менен кошо рейске 10-12 адам барат. Космостогу орунга талапкерлер космостук учуу алардын ишмердүүлүгүнө кандай таасир этерин, учуу жалпы адамзатка кандай пайда алып келерин жана катышуучу башка экипаж мүчөлөрүнө кандайча пайдалуу боло тургандыгын түшүндүрүп бериши керек.

«Айга чейин учуу үч күн, анын арткы бетин айланып, кайра келүү үчүн — дагы үч күн. Билеттер сатылып алынды. Кеме толугу менен биздин карамагыбызда. Бул сонун сапар болушу керек!»-деп билдирди Маезава.