Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жеке баракчасы белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ал Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыяланган акыркы пикирлер боюнча түшүндүрмө берди.

«Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракча аркылуу ар кандай пост менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жарыяланган акыркы комментарийлерге мамлекет башчынын тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздөрдү эч качан айтпайт», — деди Галина Байтерек.