КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, 8-март Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына, Баткен облусундагы эң жашы улуу апаларды, көп балалуу баатыр энелерди жана бүт өмүрүн мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө арнаган апаларды куттуктады. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык куттуктоо, каалоо тилектерин жана белектерин, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, майрам ээлерине жеткирди.

М.Насиров, апаларды куттуктап, “Адам баласына өмүр тартуулоо, ага таалим тарбия берип, мээрим менен чоңойтуп, эл катарына кошуу бул эбегейсиз эмгек. Ошол эле учурда, апалар, өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө да салымыңыздар зор. Сиздер ар дайым урмат сыйга татыктуусуздар”,- деди.