Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Жалал-Абад шаарында 26-жолу эне-апаларды куттуктоо майрамдык иш-чарасын өткөрдү. Анда Камчыбек Ташиев тарабынан баатыр энелерге, ардактуу апаларга майрамдык дасторкон жайылып, ак жоолук салынды. «Урматтуу энелер, апалар, сиздер дуйнөдөгү эн кымбат адамдар сиздер. Сиздер кылган эмгектер, тарбиялар текке кетпейт. Сиздердин үмүттү актап, мамлекетти сактап, бүлүндүрбөй, өнүктүрөбүз деген оюбуз бар» – деген куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле Камчыбек Ташиев Президент Садыр Жапаровдун атынан да энелерди куттуктады.