Таркатылган маалымат чындыкка дал келбейт жана фейк болуп эсептелинет.
Мындай мазмундагы билдирүүлөрдү атайын кызматтын ишмердүүлүгүнө жалаа жабуу максатында чагымчылар жана кызыкдар адамдар атайын таратышкан, акыркы убакта пара алуу, опузалоо, бюджеттик каражаттарды уурдоо жана ар кандай товарларды жана материалдык баалуулуктарды контрабанда жолу менен ташуу фактыларына бөгөт коюудагы коррупциянын көрүнүштөрү боюнча иштер күчтөндүрүлүүдө.
Ошондой эле, КР УКМК алдыдагы шайлоо процесстерине кийлигишүүсү жөнүндө билдирүү атайын жасалган чагымчыл калп.
Дал ушул УКМК алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийлик тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана саясий атаандаштыкты камсыз кылуу максатында тигил же бул партиянын өкүлдөрүнүн пайдасына административдик жана башка ресурстар саясаттын колдонулушуна жол бербөө үчүн иш алып барат.
Өз кезегинде, УКМК 2020-жылдын октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоонун мисалында шайлоо жараяндарына мыйзамсыз кийлигишүү менен коштолгон нерселердин аягында эмнелер менен бүткөнүн эскертүүнү зарыл деп эсептейт.
Бүгүнкү күндө УКМК органдарындагы моралдык жана психологиялык жагдайлары туруктуу, коомго, мамлекетке болгон чакырыктардын жана коркунучтарга татыктуу каршы турууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын УКМКти Кыргыз Республикасынын Конституциясын мыйзамдардын ченемдерин так сактайт.
УКМК кызматкерлеринин атынан таратылган деп айтылган жалган маалымат — бул күчтөрдү жана каражаттарды, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын убактысын мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдетинен алыстатуу аракеттеринин элементтеринин бири деп эсептелинет.
КР УКМК Басма-сөз борборум