Ата-энелердин 78%ы карантин учурунда балдарды аралыктан окутууга канааттанган эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, пандемияда 82%дан ашык балдар аралыктан окутууга тартылган. Бул маалымат COVID-19дун КРдагы балдар жана аялдардын абалына тийгизген таасири тууралуу кластердик сурамжылоонун жыйынтыгы.
Онлайн окутуу процессине канааттанбаган ата-энелер анын негизги себеби балдардын окуу материалдарын жакшы түшүнбөгөнү болгон. Балдардын дээрлик жарымы сапаттуу инернетке ээ болгон эмес жана телесабактарды дайыма көрүүгө жетишпей калышкан, үчүнчүдөн интернет байланыш үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. 37%га жакыны жабдыктардын жетишсиздигин белгилеген.
Булак: Биринчи радио