“Ак Бата” саясий партиясы КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына жана аймактык шайлоо комиссиясына, Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Нариман Түлеевге тиешелүү чагымчыл маалыматтын социалдык тармактарда тарап жаткандыгы боюнча арыз менен кайрылды.

“Ак Бата” партиясы анда көрсөтүлгөн шайлоочуларды акча таратуу жолу менен сатып алуу жөнүндөгү маалымат жалган экендигин билдирет.

Арам ой менен жасалган мындай “кара” пиар биринчи кезекте саясий партиянын жана анын бир талапкеринин ар-намысына, ишкер репутациясын басмырлоого багытталган. Ушунун негизинде “Ак бата” саясий партиясы башка саясый партияларды булганыч технологиялардын баш тартып, чыныгы атаандаштык менен күрөшүүгө чакырат.