Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган адамдардын Кой-Таш жана башка фактылар боюнча бириктирилген ишин кароону улантууда.

Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Сотко журналисттердин да катышуусуна уруксат берилди. Бирок сүрөт жана видео тартууга тыюу салынды.

Жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинген жок. Ал ден соолугуна байланыштуу келбегени айтылды. Атамбаевдин санаалаашы, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов алып келинди.

Судья Саламаттык сактоо министрлигинин Атамбаевдин абалы тууралуу маалыматын окуп берди. Анда дарыгелерден түзүлгөн комиссия №47 колонияда отурган Атамбаевге барганын, бирок ал медициналык кароодон баш тартканы жазылган.

Сот имаратынын алдында Атамбаев баштаган айыпталуучулардын тарапташтары чогулуп турушат.

Райондук сот Атамбаев жана башка адамдарга карата козголгон бир нече кылмыш ишин былтыр ноябрдан бери бириктирип карап жатат. Алар – Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.

Бул иштерде мурдагы президент менен кошо күнөөлөнүп жаткандардын арасында издөөдө жүргөн экс-мэр Албек Ибраимов, мурдагы депутат Аскарбек Шадиев да бар.

Мындан тышкары Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча иши да сотто каралууда.

Былтыр июнда ал «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген.

Адвокаттардын өтүнүчүнөн кийин Жогорку сот 30-ноябрда бул ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Мурдагы президент жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.