Акыркы күндөрү мурунку ыкманы колдонуп, Ташиевди, Келдибековду фейктер менен жамандоо башталды. Ошого жооп катары Келдибеков жөнүндө жазууну туура көрдүм.

Келдибековдун Кыргызстанда эң мыкты эки экономист бар болсо, анын бирөөсү экенин көпчүлүк билет. Ал ишмердүүлүк тарыхында жооптуу кызматтарды көп эле ээледи жана анын ар бириндеги ишмердүүлүк учурунан жыйынтык чыгара алды.

Мамлекеттик салык кызматын жетектеген маалында, Соцфонддо иштегенде, Жогорку Кеңештин спикери болгондо ар бир аракети мамлекеттин келечеги үчүн багытталып, жасаган иштери ак ниетин чагылдырган күзгү болуп маалыматтарда калды. Аны кызыккан адам интернеттен издеп, таап окуп алса болот. Биз бул жерде кеңири токтолбой эле коёлу.

Ахматбек Келдибековду жаманатты кылуу башталды. Кимдер жана эмне үчүн? Бир нерсени белгилей кетпесек болбойт, Таластагы экологияны талкалаган, жергиликтүү тургундардын баш оорусуна айланган «Андаш» алтын кенин элдин талабына кайдыгер калтырбай жаптырган.

Спикер кезинде Таластын аксакалдарына жолугуп, алардын аталган алтын кен боюнча жүйөлөрүн угуп, өзү барып көрүп, чын эле кенди иштетүү экологиялык талаптарга жооп бербей турганына көзү жеткенден кийин башкаларчылап алтын иштеткен тараптын азгырыгына жетеленбей, эл тарабында болгон.

Акырында, элге берген убадасын аткарып, алтын кенинин ишмердүүлүгүн токтотууга жетишти. Алтын дегенде эле белгилүү эмеспи, байлык, акча үчүн кармашта каршылаштар эмнеге болбосун дайын болоору анык. Келдибековдун душмандары көбөйүп, бир топ тоскоолдуктарга учурады. Бирок ал башкы нерсеге жетишти — эл шартына ылайык келбеген зыяндуу аракетке чекит койду.

Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетишине да ушул жана ушул сыяктуу акчалуулардын эмес, карапайым элдин таламын талашмай сапаты себеп болгон. Келдибеков салык, каржы, бюджет, жалпы эле экономика боюнча профессионал адис, мындайлар Кыргызстанда сейрек кездешет.

А бирок биз татыктуу кадрларга жол ача албай, тескерисинче төө бастыга алып, «коррупционер» жарлыкты тага салып, жок кылууга шашабыз. Анан «Мыкты кадрлар жок, эмнеге татыктуулар келбейт?» — деп кайра дооматыбызды артабыз.

Ахматбек Келдибеков өлкөнүн бүтүндүгүн баарынан жогору койгон инсан. Улуттар аралык кагылышта кара жанын сактап баш калкалабай, эл арасында болгону эле көп нерсени билдирип турат. А бирөөлөр аны жаманатты кылып, каралай салып, качанкы кегин алууга умтулушууда.

 

Нургазы Анаркулов, журналист