Кызыл-Кыя шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери мектептерде мугалимдер менен биргеликте жыйындарды уюштуруп, мектеп окуучуларына, ата-энелерге жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

ЖКККБ кызматкерлери айрыкча, башталгыч класстардын окуучуларына жол белгилерин үйрөтүп, суроо-жооптор менен кызыктуу сабактарды өтүшүп, жол коопсуздуктан сак болууга чакырып кетти.

2021-жылдын 2 ай ичинде Кызыл-Кыя шаарында бир жаш өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталып, жаш өспүрүм денесинен жараат алып, ооруканага кайрылган.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы