Бүгүн, 11-мартта Баткенде аткезчиликке каршы операция маалында УКМКнын 2 кызматкери жеңил жаракат алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, УКМКнын кызматкерлери Баткен районунун Самаркандек айылында ыкчам тергөө иш-чараларын аткарып жатышкан.

“Маширап Абдусаламов аттуу жаран башында турган 20дан ашуун киши аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүктүн кармалышына каршылык көрсөтүп, курал колдонушту. Алар кылмышты процесстик документтештирүүгө жол бербөө максатында УКМК кызматкерлерине тоскоолдук жаратышты. Ошого карабай мамлекеттик каттоо номери жок оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрдү”, – деп айтылат маалыматта.

 

Учурда кылмышка шектүүлөр кармалды.