Жаздын келиши менен “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын энергетиктери суу ташкындоо мезгилиндеги иштерге киришишти. Учурда суу ташкындарына каршы иш-чаралардын планы иштелип чыгып, анын алкагында төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
Көмөк чордондордо:
— көмөк чордондордун айланасына суу бургуч каналдарды куруу;
— суу бургуч жана сел бургуч каналдарды тазалоо;
— ачык бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдүн кабелдик каналдарын тазалоо;
— суу бургуч түтүктөрдү жана ноолорду тазалоо;
— жерди кол менен же механикалык каражаттар менен казуу.
Электр берүү чубалгыларында:
— суу ташкындарына каршы текшерүү;
— тирөөчтөрдү коргоо жана тосмолоо;
— дарыялардын нугун буруу;
— тирөөчтөрдү түздөө жана банкеттөө.
Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын ишке ашырылышы көмөк чордондордун жана электр берүү чубалгыларынын ишенимдүү иштешин, коопсуз пайдаланылышын камсыз кылат. Жумуштар март айында башталып, июль айына чейин уланат.