13-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК” жана “ОКУГАН МУУН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК” аттуу Республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, КИУнун проректору Авдибаси Матраимов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садибакас ажы Доолов, Маданият, маалымат жана туризм жана спорт министринин орун басары Илязбек Балташев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү жана демөөрчүлөр, Бишкек шаарынын тургундары катышты.

Саат 10:00дөн башталган иш-чара түшкө саат 13:30 чейин уланды. Анда атайын сахналаштырылган драма жана тарбиялык мааниси бар видероликтер көрсөтүлүп, аалымдар китеп окуунун пайдасы жана анын мааниси тууралуу баяндмаларын жасашты.

Сынактын жыйынтыгы менен 5 китеп боюнча жогорку балл алган катышуучуларга Умра сапары, ыраазылык баракчалар жана күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми баш байге үчүн берилген батирди Ош шаарынын тургуну, дин кызматкери Марат уулу Баястанга берилди. Ал “Усул Хадис” китебинин негизинде катышып, чүчүкулактын негизинде жеңүүчү аталды. Батирдин ачкычын “Кут” курулуш компаниясынын мүдүрү Жоомарт Сулайманов өзү тапшырды.

«Батирди жеңип алган Марат уулу Баястандын Ош шаарында жеке турак жайы жок болгондугуна байланаштуу үй-бүлөсү менен батирден-батирге көчүп жашачу. Бул белек алардын үй-бүлөсү үчүн кубанычтуу жаңылык болду»,-дешет кесиптешетри.

Эскерте кетсек, “БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК” жана “ОКУГАН МУУН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК” аттуу Республикалык китеп окуу конкурсу 5 китептин негизинде өткөрүлдү.

“Билимдүүгө дүйнө жарык” китеп окуу конкурсунун алкагында:

1. Мечит имамдары жана диний кызматкерлер үчүн “ФИКХ” китеби;

2. Окуу жай устаздары үчүн “УСУЛ ХАДИС” китеби;

3. Диний окуу жай студенттери, бүтүрүүчүлөрү, теологдор үчүн “УСУЛ ФИКХ” китеби.

Ал эми бардык жарандар үчүн “ОКУГАН МУУН ЖАРЫН КЕЛЕЧЕК” аттуу китеп окуу конкурсу 2020-жылы жаряланып, тилекке каршы дүйнөнү каптаган пандемиялан улам токтотулган эле. Мындан улам ушул жылы өткөрүлдү.

4. “Мусулмандын адеби”

5. “Фыкх Ас-Сира” китептеринен сынак өткөрүлдү.