Өзбекстандын Самарканд облусунун Паярык районунда аял,  тоноого күбө болгон жашы жете элек эки баланы өлтүрүп салган. Бул тууралуу Samtur.uz басылмасы облустук прокуратуранын телеграмм каналына шилтеме берүү менен билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-мартында райондун тургуну укук коргоо органдарына 2007 жана 2013-жылы туулган жашы жете элек балдары дайынсыз жоголгону боюнча арыз менен кайрылып, аларды табууга жардам сураган.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери коңшу короолордун биринен жоголгон балдардын күйүп калган денелерин табышкан.

Маалым болгондой, 13-мартта О.Т.  аттуу аял үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, акча жана баалуу буюмдарды издей баштаган. Карактоо учурунда,  М.Т.нын уулдары мектептен кайтып келип, байкабай аял жасаган кылмышка күбө болгон.

«О.Т. балдарга тааныш болгондуктан, аларды өз короосуна алып барып, башына жана моюндарына күрөк менен жаракат келтирген. Аларды өлтүргөндөн кийин, денелерди 50 сантиметрлик казылган  жерге  ыргытып, тактайлар менен төшөп, сөөктөрдү өрттөп, денесин көмүп салган «, — деп маалымдайт аталган басма.

Кылмышка шектүү адам кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголгон.