УКМК: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды

УКМК: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМК Басма-сөз  кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 12-мартында КР УКМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында, КР ИИМ менен биргеликтеги иш-чаранын жүрүшүндө Талас областынан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды.

Такталгандай, аталган жарандар март айынын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагырагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

Бул фактыдагы материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

Кармалган адамдар Талас областынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.