«Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов кызматтан кетүү чечимин кабыл алды. Мунун себебин ал башка кызматка которулганы менен байланыштырды. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасы аркылуу төмөнкүдөй билдирүү калтырган.  

“Башка кызматка которулгандыгыма байланыштуу, «Мегаком» компаниясындагы менин ишим соңуна чыкты. Ошол себептүү биздин бирдиктүү, жаш жана чыгармачыл жамаатка, баардык өнөктөштөргө, биздин компаниянын кызматтарын пайдаланган кардарларга жалпы ыраазычылык билдирем. Ал эми биздин ишке колдоо көрсөткөн мамлекеттик түзүмдөргө өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Биз көптөгөн кызыктуу долбоорлорду ишке ашырдык, сунуштар менен сын пикирлерге дайыма көңүл бурдук, ишти жакшыртуу үчүн болгон заманбап ыкмаларды пайдаланууга аракет кылдык.

Кээде пайда болгон кыйынчылыктар менен чыңалган кырдаалдарга карабастан, бири бирибизге колдоо көрсөтүп, түрдүү тоскоолдуктарды жеңип өттүк жана жакшы жыйынтыктарды көрсөттүк.

Мен сиздер менен биротоло коштошпойм, анткени мындан ары дагы жигердүү иштеп жана Кыргызстандын бакубатчылыгы үчүн өз салымымды кошо берем.

Сиздерге иштеги зор ийгиликтерди, жеңиштерди жана мыкты пландарды каалайм!”,-деди Акылбек Жамангулов.