Жазгы каникулдун алдында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрү тарабынан «Абайла балдар!» аталышындагы профилактикалык иш-чарасы өтүүдө.

Аталган иш-чара эки этапта өтмөкчү. Биринчи этабында Каракол ШИИБдин ЖКККБнын, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү, жол кыймылынын жаш инспекторлору менен бирдикте мектептердин алгачкы класстарынын окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча ачык сабактарды өтүшүп, каникул учурунда өздөрүн көчөлөрдө кандай алып жүрүшүн жана жол белгилеринин маанисин түшүндүрүп беришет.

Экинчи этабында жаш инспекторлор, жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү менен бирдикте мектептин жанындагы көчөлөрдө жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди турмушка ашырат. Аталган акция менен жаш инспекторлор айдоочуларга жана жол кыймылынын башка катышуучуларына алардын балдардын өмүрүн сактоодо жана жол коопсуздугунда ээлеген ордун эскеришет. Себеби, айдоочулардын көпчүлүгү биринчи кезекте ата-энелер болуп эсептелгендиктен, жол кыймылы менен байланышкан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу керек.

«Бул иш-чаранын максаты — балдар менен өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын, жол эрежелерин бузуунун алдын алуу жана жол эрежелерин сактоого багытталган. Ошондой эле, жазгы каникул мезгилинде ата-энелерге балдарына жол эрежелерин түшүндүрүп, жолдо аларды кароосуз калтырбоо керектигин эскертүү”, — деп белгилешти Каракол ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы