Коом

Муфтий болом деп 8 аалым арызын берди

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы бүгүн каттоону жыйындыктады. Бул тууралуу Аалымдар Кеңешинин расмий баракчасына жарыяланды.

Ага ылайык Аалымдар Кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна 8 талапкер ат салышса, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды.
Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.
Эске салсак 17-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган болчу.
Кыргызстандын муфтийи болууга документ тапшырган аалым талапкерлердин тизмеси:
1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Джейналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button