Жакынкы күндөрү Кыргызстандын «Air Manas» авиакомпаниясы «Airbus A-220-300» учагына ээ болот. Бул тууралуу авиакомпаниянын маалымат кызматынан кабарлады.

Кыргызстандын тарыхында жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпания алгачкы жолу жаңы учак сатып алууда. Буга чейин кыргызстандык авиакомпаниялар колдонулган эски учактарды гана сатып алып келген. «Өндүрүүчүдөн түз учак сатып алуу — Кыргызстандын жарандык авиациясын жаңы бир тепкичке көтөрөт», — деп айтылат маалыматта.

«Airbus A-220» — бардык реактивдик учактардын ичинен үн добушу басаң чыккан жана азот кычкылын учурда адаттагы нормадан 50% төмөн бөлүп чыгарган Кыргыз Республикасындагы эң жаш учак.

«Airbus A-220» учагынын салону жүргүнчүлөргө ыңгайлуу, борту кенен жана 145 оруну бар.