УКМК: Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү
2021-жылдын 18-мартында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы астында кезектеги Шанхай кызматташттык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн (ШКУ АТКТ) 36-отуруму болуп өттү. Бул түзүмгө Индия, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикистан Республикасы, Өзбекстан Республикаларынын компетентүү органдары жана ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин делегациялары катышышты.
Анда аймактык коопсуздук тараптарынын абалы каралып, Шанхай кызматташттык уюмунун мейкининдеги терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүү деңгээли жөнүндө пикир алмашуулар болуп, коопсуздука зыянын тийгизген чакырыктардын мизин кайтаруу жана эл аралык террористтик уюмдардын коркунучтарын алдын алуу боюнча биргелешкен чаралар аныкталды.
Отурумдун жүрүшүндө ШКУ АТКТ Кеңешинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине отчету жактырылды. ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча 2020-жылдагы программасынын 2019-2021-жылдарга карата аткарылышы жөнүндө маалымат, ШКУ АТКТ Кеңешинин чечимдери каралды. ШКУга мүчө мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга карата терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү программасынын долбоору жактырылды. ШКУ АТКТ Аткаруу комитетинин өткөн мезгилдеги ишмердүүлүгүнө баа берилди.
ШКУ мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын 2021-жылы террорчулукка каршы биргелешкен «Пабби — Антитеррор – 2021» машыгууларын, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын башчыларынын сегизинчи жолугушуусу жана ШКУ АТКТ сегизинчи эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүү чечимдери кабыл алынды.
ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын террористтик ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча кызматташтыгын өркүндөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2178 жана 2396 токтомдорунун талаптарынын алкагында, чет элдик террористтик согушкерлердин кыймылынын алдын алууга багытталган, алдын ала маалыматтык тутумдарын жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана иштетүү маселелерин каралды.
ШКУ АТКТ Аткаруу комитетинин кадрдык ишин камсыз кылуу жана уюштуруучулук маселелери тууралуу чечимдер кабыл алынды.
2021-жылдын сентябрь айында Өзбекстан Республикасында ШКУ АТКТ кезектеги жыйынын өткөрүү туралуу макулдашуу чечими кабыл алынды.
Кезектеги Кеңештин жыйыны конструктивдүү жана достук маанайда өттү.