Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө 2021-жылдын 18-мартынан 19-мартына караган түнү саат 03:35 от чамасында Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан эки атуул ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9- пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө иштери башталды.

Алынган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу жана РИИБдин жетекчилиги Өзгөн райондук аймактык ооруканасына барган учурда 2021-жылдын 18-мартынан 19-мартына караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн  түштүк тарабындагы асфальт жолдо Өзгөн шаарынын С. Негматов көчөсүнүн  тургуну 31 жаштагы  М. Ш,  өзүнө таандык болгон  “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү женил автоунаасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн  тургуну 21 жаштагы К, С  жана ошол эле көчөнүн  тургуну, 31 А. А  менен биргеликте Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө батыштан чыгышты карай жолдун түндүк тарабында токтоп турган жеринде, белгисиз автоунаа батыштан-чыгышты көздөй жанына келип токтоп, белгисиз атуул тарабынан автоунаанын айдоочусунун орундугунда олтурган  Ш. М жана алдынкы жүргүнчү орундугунда олтурган А.Ага жана арткы жүргүнчү орундукта олтурган С.Кга карата белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен ок атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча курамында Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам- тергөө тобу түзүлүп тийиштүү иш алынып барылууда. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

 

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы