Бүгүн, 19-мартта, Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жаңы дайындалган начальниги, милициянын полковниги Ашым Тагаевди өздүк курамга тааныштырып, жаңы жетекчи конкурстун жыйынтыгы менен дайындалгандыгын жана милицияда көп жылдар эмгектенип тажрыйбасы мол экендигин белгиледи.

Ошону менен катар Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жана ШРИИБ жетекчилеринен кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштын бетин ыкчамдык менен ачуу, окуя болгон жерге жетекчиликтин өздөрүнүн чыгуусун талап кылды. Жалал-Абад облусунда 12 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү, 1 млн 200 миңден ашуун калк бар экендигин, милицияга келип кайрылган жарандардын арыз-доосун кыска мөөнөттө чечүү зарыл экендигин белгилеп өттү. Жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалап, өздүк курам үчүн жакшы шарттарды түзүп, элге ак дилден кызмат кылууга чакырды.

Ашым Тагаевге ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков ак батасын берип, иш бөлмөсү таанышырылды.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы