Чыгыш Африкадагы Танзания Республикасынын президенти кызматына тарыхта биринчи жолу аял киши келди. Жаңы лидер Самиа Сулуху Хасан буга чейин вице-президент кызматын аркалап келген. Ал бүгүн ант берди.

Белгилүү болгондой, Танзаниянын мурунку президенти Жон Магуфули 61 жашында 17-март күнү мезгилсиз көз жумганы жарыяланды. Ал президенттик кызматын 2015-жылы баштаган.

Буга чейин оппозициячыл саясатчы Тунду Лиссу мамлекет башчыдан коронавирус инфекциясы аныкталганын билдирген. Бирок өлкөнүн премьер-министри бул маалыматты төгүндөгөн.

Тунду Лиссунун айтымында, Магуфули Индиядагы ооруканага жеткирилген. Буга чейин Кенияда дарыланып жаткан.

Эскерте кетсек, Жон Магуфули өлкөсүндө коронавирус жок экенин айтып, карантин киргизүүдөн баш тарткан. Ал бет кап тагынбаган жарандарын мактап келген болчу.