Кечээ, 21-мартта Ош шаарынын Төлөйкөн ат майданында Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары өтүп жаткан учурда, кунан жарышка 2 ат түшүп, бирөөсү кырсыктап,  Ош облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасына тез жардам унаасы менен жеткирилген. Учурда баланын абалы оор. Бул тууралуу Ош областтар аралык балдар клиникалык оорукананын жараат-сыныктар боюнча дарыгери Тамырлан  Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, 13 жаштагы баланын абалы оор болуп, бала дарыгердин көзөмөлүндө.

“Төлөйкөн айылында 2008-жылы туулган  Шарабидинов Нурбол Суйунбекович Төлөйкөн айылында  ат майданында «Кунан чабыш» оюнунда аттан кулап эс учун жоготкон абалда  тез жардам кызматы Оштогу областтар аралык балдар клиникалык ооруканасына алып келди. Мээси чайкалып,  бети сыйрылап,  денелери тытылган. Мамлекеттик кепилдиктин негизинде бала керектүү бардык жардамды алып жатат. Азыркы абалы оор бойдон”,-деди дарыгер травматолог.

Эскерте кетсек , кечээ, 21-мартта Ош шаарынын Төлөйкөн ат майданында Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары өтүп жаткан учурда кунан жарыш мелдешине  2 ат түшүп,  алар 6 айлампа чуркашы керек болгон.  Чабандестердин бирөөсү экинчи айлампада минген кунанын башкара албай, кунан дубалды каттуу сүзүп токтоп, үстүндөгү бала дубалга башы менен урунуп, эс-учун жоготуп, тез жардам унаасы биринчи жардам көрсөтүп ооруканага алып кеткен.

Орозгүл Аташова