Кыргыз Республикасынын аймагында диний экстремизмдин алдын алуу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен түшүндүрүү багытындагы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Анда «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ош шаарында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү пландаштырылып, ага ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Милиция кызматкерлери 2021-жылдын 16-мартында Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, коомдук алдын алуу борборлорунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада семинар өткөрүлдү.

Ушундай эле иш-чаралар 2021-жылдын 18-мартында Жалал-Абад облусунда, 19-мартында Ош шаарында жана Ош облусунда өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн семинарда баяндамачылар тарабынан катышуучуларга мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдар, алардын өзгөчөлүктөрү, социалдык жоопкерчилик, коомдук алдын алуу борборлорунун иштөө тартиби жана ишмердүүлүүгү, улуттар аралык касташуунун алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар таратылып, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.

Аталган семинардын аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстремизмдин алдын алуу боюнча даярдалган 1600 гө жакын усулдук буклеттер, эстеткичтер жана 1000 ашык коргоонучу бет каптар таратылды.

Жогоруда өткөрүлгөн иш-чаралар 2021-жылдын 23-мартынан баштап Чүй облусунда дагы өткөрүлгөнү жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы