Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала башташты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, декларациялар 2021-жылдын 1-апрелине чейин (дем алыш күндөрдү кошкондо) эртең менен саат 09:00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алынат.

«1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;

менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;

юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин — 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү», — деп жазылат маалыматта.