Бүгүнкү күндө COVID-19  жана  пневмониянын  үчүнчү толкуну боло элек. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24. кж агенттигине билдирди.

Анын айтымында учурда кырдаал көзөмөлдө турат.

«Эмдөөнү эртең баштайбыз»,- деди министр. Өлкөнүн биринчи адамдары эмделеби деген суроого Алымкадыр Бейшеналиев: «Мен өзүм эмделем»,- деп жооп берди. Ал ошондой эле референдумдан кийин карантин киргизилишине байланыштуу социалдык тармактардагы басылмаларга комментарий берди. «Катаал карантин болбойт»,- деди министр.

Эскерте кетсек, бүгүн өлкөдө коронавирустун 115 жаңы учуру катталып, эки бейтап  каза болду.