Бала кезинен милиция кызматкери болуунун кыялданган Аруун Макамбаев азыркы учурда тилеги орундалып, 2016-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясында кызмат өтөөдөмүн деп кубанычы менен бөлүштү.

Кесиптешим Аруун 1992-жылы 10-мартында Жалал-Абад областынын Алабука районунун Кош-Болот айылында туулуп өскөн. Атасы Макамбаев Алманбет жана апасы Макамбаева Улукбү ардактуу эс алууда. Аруун өзүнүн сөзүндө келинчеги Асель менен 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш кошушкан. “Бактылуу үй-бүлөбүз десем жаңылышпайм, келинчегим ата-энемди сыйлап, мага ар дайым кеңешин айтып, жөлөк болуп келет. Азыркы учурда бир кызыбыз жана уулубуз бар”- деди ал.
Кесиби менен бирге спортту ала жүргөн Аруун кичинесинен сыналгыдан эрежесиз эр урушун (бой без правил) көргөндө өзүн элестетип, машыгууну кыялданчу. 2016-жылы байкесинин жардамы менен эрежесиз эр уруш машыгуучу жайга барып баштаган. “Эң биринчи жолу эки айдан соң мелдешке катышып, 2-орунду ээлегеним эсимден кетпейт. Ошол күндөн тартып кызыгуум артып, машыга баштагам. 2019-жылы апрель айында орто Азия эрежесиз эр уруш мелдешине катышып, 66 салмагындагы катышуучулардын арасынан жеңүүчү болуп, 1- орундун куруна ээ болгом.
Дагы жакында эле болгон жакшы жаңылыгым менен бөлүшө кетким келет. 2021-жылдын март айында Өзбекистан,Тажикистан жана башка коңшу өлкөлөрдүн спортсмендеринин катышуусунда орто Азиялык FALKO FIGHTING CHAMPIONSHIP мелдешинтин 66 салмагындагы катышуучулардын арасынан жеңүүчү болуп, чемпион куруна ээ болдум. Бул мен үчүн чоң жетишкендик. Спорт- бул ден-соолуктун булагы дегендей жаңы милиция кызматына жаңы келген кесиптештериме спорт менен машыгууга үгүттөп, мотивация берип турам”- деп сөзүндө баса белгиледи.
Кесиптешиме сиз Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук полк милиция кызматына жаны келген кадрларга мотивация берсеңиз, сизге ким мотивация берет деп суроо берсем, (күлүп) “Кээде чарчап, жалкоом кармаганда келинчегим тур деп, кеңешин айтып турат. Келечекке койгон максатым, жогорку билим алып, офицердик наамын алгым келет. Мамлекетке өз салымымды кошсом деген ой, тилектерим бар. Кыргызымдын желегин желбиретип, Кыргыз мамлекетинин атын башка өлкөлөргө таанытсам деген максатым бар”- деп сөзүн жыйынтыктады.
Аруун патриоттук сезимдерин жашырбай, балалык кыялдары орундалгандыгын айтып берип, ыраазычылыгын билдирди.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы